2023-жылдын 30-августунан 31-августуна чейин Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү (Бакаев көчөсү) жабылат.
Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация тармагын куруу боюнча эл аралык долбоорду ишке ашыруунун алкагында «Профит Экспресс» ЖЧКсы Ахунбаев көчөсүнүн бөлүгүндө канализациялык коллектордун курулушу үчүн жер иштерин жүргүзүүнү пландаштырууда.
2023-жылдын 31-августунда Ахунбаев -Бакаев көчөсүнүн бөлүгү саат 11:00гө чейин жабылганына байланыштуу №5 троллейбустук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөрөт. Ошентип, түштүк багыты боюнча Абдрахманов, Б.Баатыр, А.Токомбаев көчөлөрү менен каттам уланат.
№14 троллейбустук каттам саат 11:00гө чейин токтойт.