Мелдештер каратэ-дону кеңири  жайылтуу, күчтүү спортчуларды аныктоо, достук байланышты чыңдоо, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, турнирге 6 өлкөдөн: Франция, Орусия, Беларусь, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 600дөн ашык спортчу катышкан. Өлкөбүздүн намысын КР каратэ-до боюнча улуттук федерациясынын курама командасынын 29 спортчусу коргоду.

Олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин  «Олимп» 12 спортсмени катышты. Оюндардын жыйынтыгы боюнча спортчулар 1 алтын, 4 күмүш жана 7 коло медалга ээ болушту.

18-20 жаш курагында Нурланов Назим ,75 кг салмакта 1-орунду жеңип алды.

2 орунга:
- Айсаева Умида (18-20 жаш курагында, 50 кг чейин);
- Ковылин Ростислав (16-17 жаш курагында);
- Бейшембаев Нуртилек (12-13 жаш курагында, 50 кг чейин);
- Бейшембаева Нурай (10-11 жаш курагында, 45 кг чейин).
3 орунга: Акбаров Рафаэль, Нурланов Назим, Айсаева Умида, Расуловна Ситора, Даян Деря, Эсенкулова Сезим, Ильясов Мухаммад ээ болушту.