31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгын майрамдоого байланыштуу жана майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө коопсуздукту камсыздоо максатында Ала-Тоо аянты саат 17:00дөн 00:00гө чейин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жабылат.

Урматтуу  айдоочулар! Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамды алдын ала пландап алууну суранат.