“Онтарио” бильярд клубунда бильярд спорту боюнча “Эркин пирамида” дисциплинасы боюнча Олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин жайкы чемпионаты өттү.
Мелдешке 22 бильярдчы катышты. Ал спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу, спорттун бул түрүн Бишкек шаарында жайылтуу максатында өткөрүлдү.
Мелдештин жеңүүчүлөрү:
Чыныбеков Акдил - биринчи орун;
Карагулов Улукман - экинчи орун;
Таштанбеков Нурсултан - үчүнчү орун;
Таштанбеков Азирет - үчүнчү орун.
Белгилей кетсек, мелдеш Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгына караштуу бильярд жана велоспорт боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби тарабынан уюштурулган.