2023-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүндө борбор калаанын төрт районунда тең спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.

"Ак-Өргө", "Арча-Бешик", "Көк-Жар", "Учкун" конуштарында, "Тунгуч" кичирайондорунда жана «Восток-5», Фучик жана Молодёжный атындагы паркта волейбол, шашки, шахмат, ордо, стол тенниси, тогуз коргоол, аркан тартыш жана кичи футбол боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Мындай иш-чаралардын максаты борбордун тургундарын массалык түрдө дене тарбия жана спортко  тартуу, сергек жашоо образын жайылтуу.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы уюштурду.