Көңүл бургула! Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү эртеңден баштап жабылат.

2023-жылдын 3-сентябрда Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү (Бакаев көчөсү) жабылат.

Бишкек шаарынын суу түтүктөрүн жана канализация тармагын куруу боюнча эл аралык долбоорду ишке ашыруунун алкагында «Профит Экспресс» ЖЧКсы Ахунбаев көчөсү менен Бакаев көчөсүнүн кесилишиндеги бөлүгүндө канализациялык коллектордун куруу үчүн жер иштерин жүргүзүүнү пландаштырууда.

Буга байланыштуу 3-сентябрда 06:00дөн  кечки саат  22:00гө чейин унаа кыймылы үчүн жол жабылат. Ушундан улам  №5 троллейбустук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөрөт. Ошентип, түштүк багыты боюнча Абдрахманов, Б.Баатыр, А.Токомбаев көчөлөрү менен каттам уланат. Ал эми №14 троллейбустук каттам  3- сентябрь күнү толугу менен линияга чыкпайт.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук  инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамыңызды алдын ала пландап коюуңузду өтүнөт.