2023-жылдын  7 - сентябырында  саат 10:00 - 18:00 чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы:
•Кольбаев көчөсү (Лермонтов көчөсүнөн тартып Ч. Валиханов көчөсүнө чейин);
•Аламедин-1кичи району;
•Куруучулар шаарчасы.

Ичүүчү сууну өчүрүү :   шаардык суу түтүк тармактарындагы оңдоо жана профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы  жаратылган  ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.