Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда дүлөйлөр жана начар уккан өспүрүмдөр, кадеттер жана чоңдор арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча биринчи дүйнөлүк чемпионаттын ачылышы болду.

Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева жана дүлөйлөр эл аралык комитетинин башкы катчысы Дмитрий Ребров катышты.

Дүйнө чемпиондугу 2-сентябрда башталып, 2023-жылдын 12-сентябрында аяктайт. Турнирге жалпысынан дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн 200дөн ашык спортчу катышып, Кыргызстандын намысын 15 балбан коргоп жатат.

Ошентип, грек-рим күрөшү боюнча кадеттер секциясынын биринчи күнүнүн жыйынтыгы боюнча 65 килограммга чейинки салмак ченинде Артур Акопян алтын тагынды. 71 кг салмакта Сабыралиев Бексултан коло байгеге ээ болсо, 48 кг салмакта Уланов Арлен 3-орунду ээледи.

Бул спортчулардын машыктыруучулары Рустамжан Ушуров, Роман Царев жана Алмаз Эсеналиев. Башкы машыктыруучусу – Ушуров Фархад.

Белгилей кетсек, командалык эсепте 3-орунду Армения, экинчи орунду Кыргызстан жана биринчи орунду Казакстан ээледи.