24-сентябрда саат 8:00дө «Газпром» спорттук-эс алуу комплексинен Жайыл-Баатыр №66 көч.,  Бишкек жарым марафонун старт алат.

Ага ар кайсы өлкөлөрдөн кесипкөй спортчулар жана жөө күлүктөр катышат. Алар: 21 км 97 м, 10000 м, 3000 м, скандинавтык басуу: 10000 м жана 3000 м аралыктарга катышат.Жарыштын катышуучулары ошол эле жерде марага чыгышат.

Жарым марафондун уюштуруучулары: Бишкек шаарынын мэриясы, КРнын Жеңил атлетика федерациясы, «Эл аралык марафондун дирекциясы» коомдук бирикмеси жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы.

Марафон тууралуу толук маалымат: runthesilkroad.com сайтында

Байланыш телефону: +996 550 33 99 70.