Мелдеш Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө» жана «Улуттук каада-салт жөнүндө» жарлыктарынын аткарылышынын алкагында жана Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин административдик округу боюнча №10 муниципалдык башкармалыгынын  токтомунун негизинде өткөрүлдү.

Спартакиада Чүй районунун Сарыжон айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнүн окуу борборунда жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо жана чакырууга чейинки даярдоо максатында өткөрүлдү.

Спартакиадада төмөнкүдөй тапшырмалар аткарылат:

- катарга тизилүү;
- тилкелерге тартылуу;
- чуркоо (60м., 3000м.);
- АКМди чачуу, чогултуу;
- гранатаны алыска ыргытуу;
- тоскоолдуктардан өтүү.

Эске салсак, спартакиаданын райондук этабына 10 команда (11 окуучудан турган командада) катышып, №84 орто мектептин окуучулары 1-орунду, №80 орто мектебинин окуучулары 2-орунду, № 68 орто мектептин окуучулары  3-орун.

1-орунду алган команда Ташкентке үч күнгө барат.

2-3-орунга ээ болгон мектептер Кегетиге бир күндүк экскурсияга барышат.