Борбор калаанын муниципалитетинде Бишкек шаарынын мэриясы менен Корея Республикасынын элчилигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Документке борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен Кыргызстандагы Корея Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ли Вонджэ кол коюшту.
Бул гранттык долбоордун максаты - муниципалитеттин муктаждыктары үчүн Элчиликти кайтарымсыз негизде техникалык жабдуулар жана автоунаа менен камсыз кылуу аркылуу мэриянын административдик потенциалын жогорулатуу.
Мэр шаарлар аралык кызматташтыкты тереңдетүүнүн, ошондой эле Корея Республикасынын «KOICA» эл аралык кызматташуу агенттиги менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан көрсөтүлгөн каржылык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.
Мындан тышкары, шаар башчысы социалдык жана маданий-гуманитардык өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана мындан ары да эки тараптуу жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.