Юнусалиев көчөсүнүн чыгыш тарабындагы капиталдык оңдоо иштери аяктап, эми батыш тарабынан иштер башталды.
Кичи райондордун жашоочулары жана борбордун коноктору үчүн "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Юнусалиев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки тротуарын капиталдык оңдоодон өткөрдү. Бул объектте бригада асфальттын эски катмарын сыйрып, тротуардын негизин даярдап, ирригациялык системаны, бордюрларды орнотуп, ысык асфальт-бетон аралашмасы төшөлдү.
Бүгүнкү күндө Юнусалиев көчөсүнүн батыш тарабынан Ахунбаев көчөсүнөн Суеркулов көчөсүнө чейинки эски асфальтты сыйруу иштери башталды. Жолдун бул тарабында дагы Ахунбаев көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейин иштер пландаштырылган.