Октябрь акимиатында билим берүү уюмдарын жаңы окуу жылына даярдоо боюнча райондук коллегия болуп өттү.
Отурумга район башчысы Жаныбек Орозалиев, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары, акимиаттын орун басарлары, бөлүм башчылары, шаардык жана райондук кызматтардын, МАБнын жетекчилери катышты.
Коллегияда райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы баяндама жасады.
Жыйында райондун билим берүү мекемелеринин жаңы 2023-2024-окуу жылына жана күз-кыш мезгилине даярдыгы жана капиталдык жана башка оңдоо иштерине кеткен чыгымдар тууралуу маселелер каралды.
Белгилей кетсек, Октябрь районунун аймагында 19 мектеп, 38 мектепке чейинки мекеме, 1 «Бактылуу балалык» балдар чыгармачылык борбору иштеп жатат.
Берилген маалыматты угуп, тиешелүү тапшырмалар жана билим берүү мекемелеринин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо менен коллегиянын токтому кабыл алынды.