Борбор калаада жаңы сейил бак зоналарын түзүү бүгүнкү күндө бишкектиктердин жашоосун жакшыртуунун жана шаардын жашыл фондусун сактоонун маанилүү аспектилеринин бири болуп саналат.
Учурда шаардын Биринчи Май районунун аймагындагы Нариманская Алтайская көчөлөрүнүн кесилишинде иштер кызуу жүрүп жатат.
"Бишкекжашылчарба" ишканасынын ландшафтчылары тарабынан 8000 м2 аянтка жер тегиздөө, 5000 м2 жер тилкеси төшөө, авариялык куураган бак-дарактарды бузуу менен 11 даана дүмүрлөрдү жулуп салуу иштери жүргүзүлүп, бардык чарбалык таштандылар атайын техника менен 50 рейс менен чыгарылды, 1150 м2 аянтка брусчатка фундаменти даярдалууда, 600 м2 аянтка брусчатка төшөлдү.
Жакында 800 м2 аянтка газон төшөлүп жана газон чөптүн үрөнү себилет.
“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын 20га жакын кызматкери борбор калаада болочок жашыл аянтты түзүүнүн үстүндө иштеп жатышат.
Эскерте кетсек, буга чейин бул жер кароосуз калган, мындай аймак керексиз жана авариялык өсүмдүктөрдөн тазалоо көйгөйү менен мүнөздөлөт.