Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Биринчи май жана Октябрь райондорунда жарандар менен жолугушуулар өткөрүлүүдө.
МАБ кызматкерлери дин өкүлдөрү менен биргеликте мечиттерде жума намаздын алдында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Дин кызматкерлери коомдогу социалдык абалга терс таасирин тийгизген диний жөрөлгөлөрдү, ырым-жырымдарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө тууралуу айтып беришти.
Бул багыттагы түшүндүрүү иштери улантылууда.
Белгилеп кетсек, бул Жарлыктын максаты Кыргыз Республикасынын жарандарынын турмушунун социалдык-экономикалык деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.