Райондук акимчиликтерде балдар иштери боюнча комиссиялардын жыйындары уланууда.

Биринчи май акимчилигинде акимдин орун басары Айнура Арстамбекованын, билим берүү башкармалыгынын, ҮМБ кызматкерлеринин, психологдордун  жана социалдык кызматкерлердин, өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлорунун, SOS Балдар айылы, «Элим барсыңбы» коомдук фонддорунун, «Альтернатива» үй-бүлөнү бириктирүү борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.

Алар 8 жаштагы жана андан жогорку жаштагы балдарды 1-класска кабыл алуу, балдарды социалдык мекемелерде жашоо мөөнөтүн узартуу же жайгаштыруу,   жашы жете элек балдарга таандык мүлктүн үлүшүн сатууга уруксат берүү боюнча 12 материалды карап чыгышты.

Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиз балдарга карата зордук-зомбулукка күбө болсоңуз, райондордун балдарды жана үй-бүлөнү колдоо боюнча тынымсыз телефонуна кайрылыңыз:

- Биринчи май району: 0(312) 67-03-86;
- Ленин району: 0(312) 88-38-99;
- Свердлов району: 0(312) 53-05-76;
- Октябрь району: 0(312) 51-03-75.

Балдарга жардам көрсөтүү борбору: 0(312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги: 111 ишеним телефону.