2024-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында спорттун күжүрмөн түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде дзюдо боюнча ачык машыгуу өттү.

Машыгуу иш-чарасы СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Игорь Завражныйдын жетекчилиги астында өткөрүлдү.

Ачык тренингге бардык каалоочулар  катышты. Спортчуларга ыргытуу, кармап туруу, оорутуу жана муунтуу ыкмалары көрсөтүлдү.