Октябрь районунда «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү акция» алкагында «Камкордук» рейддери өттү.
Район башчысынын орун басарынын жана адистердин жетекчилиги астында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө барып, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү аныктоо максатында иш-чаралар жүргүзүлдү.
№14 жана №3 мектептердин социалдык жана медициналык кызматкерлери, ички иштер бөлүмүнүн инспекторлору, социалдык мугалимдер катышты.
Үй жайсыз үй-бүлөлөрдү өз убагында аныктоо жана аларга өз убагында көрсөтүлгөн социалдык колдоо үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү минималдаштырууга жана балдардын окууга жана ден соолугун чыңдоого болгон муктаждыктарын канааттандырууга мүмкүндүк берет.
Урматтуу шаардыктар! Турмуштук оор кырдаалда турган балдары бар үй-бүлө же балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук фактылары аныкталган учурда Социалдык коргоо органдарына байланышыңыздар. Телефону.: 51 03 75, Балдарга жардам берүү борборунун үчүн телефон номери.: 54 29 34, т.: 44 25 10, тел. 111, 112, 115 ишеним телефону.