Бишкек шаарындагы "Газпром-Кыргызстан" мектебинин аскага чыгуу залында С. Жуманазаров атындагы спорт мектебинин KIDS тобунун арасында аскага чыгуу боюнча ачык биринчилиги өттү.
С.Жуманазаров атындагы спорт мектебинин аскага чыгуу бөлүмүнүн 9 окуучусу, 44 жаш спортчу катышты.
Мелдештин максаттары:
• жаштар арасында спорттук альпинизмди жайылтуу;
• катышуучулардын спорттук чеберчилик деңгээлин жогорулатуу;
• күчтүү спортчуларды аныктоо;
• окуучуларды аскага чыгууга тартуу.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментине караштуу С.Жуманазаров атындагы спорт мектеби уюштурду.
Мелдештин жыйынтыгы:
2013-2014-жылдары төрөлгөн балдар арасында:
• 1-орун – Сергей Ким;
• 2-орун – Нефедов Максим.
2011-2012-жылдары төрөлгөн балдар арасында:
• 1-орун – Дамир Марасулов;
• 2-орун – Кирилл Харламов;
• 3-орун – Эсенбеков Алибек.
2011-2012-жылдары төрөлгөн кыздар арасында:
• 1-орун – Байбагышева Жамиля.
Мелдеш катышуучулардын жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөттү.