Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык  реформанын алкагында, Бишкек шаарын кошулган аймактар менен жагымдуу жана пландуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, мэрия  2050-жылга чейин архитектура, шаар куруу, шаардын дизайны же ландшафттык архитектура чөйрөсүндө 15 жылдан кем эмес иш жүргүзгөн жеке же юридикалык жактардан, чыгармачыл устаканалардан Бишкек шаарын андан ары шаар курууну өнүктүрүү боюнча концептуалдык идеяларды жана сунуштарды кароого даяр.

Маданий-тарыхый мурастарды, салттуу негиздер менен коомдун менталитетин чагылдырган, советтик шаар куруу моделинен  рыноктук мамилелерге өтүү шарттарында аймактарды шаар куруунун заманбап ыкмаларын жана методологияларын эске алуу менен  шаар курулушунун концепциялары кабыл алынат.

Концепция Бишкек шаарынын башкы планын иштеп чыгуу үчүн негиз болот.

Башкы планды иштеп чыгуу боюнча болжолдуу иштердин көлөмүн көрсөтүү менен сунуштарды 2025-жылдын 15 январына чейин genplan@meria.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз.

Кошумча суроолор боюнча: 0312 97 99 42; 0 (505) 55 - 13 - 85 - Жакыпов Каныбек Манасовичке (Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаменти) кайрылыңыздар.