Бишкек шаарында мэрдин орун басары Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында борбордо туризмди өнүктүрүү концепциясынын долбоорун талкуулоого арналган жыйын өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын туризм тармагындагы алдыңкы адистери жана өкүлдөрү катышты.

Туризмди өнүктүрүү концепциясынын долбоорун Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Жоомарт Шамканов сунуштады.

Өз сөзүндө директор туристтик инфраструктураны өнүктүрүүнүн негизги аспектилерин, ошондой эле Бишкекке көбүрөөк туристтерди тартууга багытталган иш-чаралар менен демилгелерди белгилеп өттү.

Айрыкча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу, туристтик багыттарды кеңейтүү жана жаңы маданий-тарыхый объекттерди түзүү маселелерине бурулду. Жыйындын катышуучулары сунушталган пландарды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык кызыкдар тараптардын активдүү өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Катышуучулар бул концепцияны ишке ашыруу шаар экономикасынын өнүгүшүнө, анын жашоочуларынын жашоо сапатын жакшыртууга жана Бишкекти туристтик борбор катары өнүктүрүүгө чоң салым кошоруна ишеним билдирди.