Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти жана Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Кулиев көчөсүндө жайгашкан базарга комиссиялык иш-чара  уюштурду.

Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдорунун негизинде,  Т.К.Ы. аттуу жаранга 0,40 га аянтындагы жер тилкеси 49 жылдык мөөнөткө,  Кулиев көчөсүнөн чайкана жана сыракана куруу үчүн берилген. Жерди ижарага алуу келишими 2004-жылдын 24-мартында түзүлгөн, ижара акысы 417 600,00 сомду түзөт.

Ошондой эле жогоруда аталган жер участогуна убактылуу пайдаланууга аянты 0,06 га, көрктөндүрүү үчүн 49 жылдык мөөнөткө кошумча жер участогу берилген. Жер участогунун ижара келишими 8-декабрда 2005-жылы түзүлгөн, ижара акысы 20880,00 сомду түзөт.

Жогоруда аталган жер участокторун ижарага алуу келишимдеринин шарттарына ылайык, ижарачы ижарага алынган жер участогун максаттуу багыты боюнча натыйжалуу пайдаланууга жана  чектерди белгилеп, жер участогун пайдаланып баштоого милдеттүү.

Бирок, учурда ижара келишимдеринде каралган шарттар аткарылбай, көрсөтүлгөн жер тилкеси өз максатына ылайык пайдаланылбай жатат. Тиешелүү кызматтар келишимдин шарттарын сактоо боюнча бир нече жолу билдирүү жөнөтүшкөн.

Жогорудагы жагдайлар ижара келишимдеринин шарттарын жана жер участокторун берүү шарттарын олуттуу бузуу болуп саналат, анткени Т.К.Ы., көрсөтүлгөн талаптарды жана шарттарды бузуу менен өз милдеттерин аткарбайт.

Аталган факты боюнча жеринде КРнын Укук бузуулар кодексинин 239-беренесине ылайык 13 миң сомго протокол түзүлдү.

Ошондой эле 10-январда базардын ижарачысына жер тилкесин талапка ылайык келтирүү боюнча эскертүү жөнөтүлгөн, антпесе маселе ижара келишимин бузуу боюнча комиссиянын кароосуна коюлат.

Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 “Жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык жогоруда аталган жер тилкеси аукционго коюлган учурда Бишкек шаарында ижара шарттары боюнча мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу», баштапкы ижара акысы жылына 1 044 000,00 сомду түзөт.