Бүгүн, 2025-жылдын 13-январында, Медеров көчөсүнүн түштүк тарабында 7-Апрель көчөсүндөгү суу түтүгүнүн жарылуусунун кесепетинен улам, төмөнкү даректер боюнча жылуулук менен камсыздоо убактылуу токтотулду:

* 7-Апрель көчөсү: №3/3, №139 (Альфа), №3, №3/2 турак үйлөр;

* Шоокум көчөсү: №84/1 үй (Көк-Жар кичи районунун карама-каршы тарабында жайгашкан үйлөр).

Эске салсак, "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасынын авариялык кызматтары жабыркаган жерди калыбына келтирүү иштерин дароо башташты.
Жогоруда көрсөтүлгөн даректер боюнча жылуулук болжол менен таңга чейин калыбына келтирилет.

"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.