2025-жылдын 14-январында саат 09:00дөн 20:00гө чейин Чыгыш-5 кичирайонунда ысык суу жана жылуулук менен камсыздоо убактылуу өчүрүлөт. Бул күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында, иштеп жаткан жылуулук тармагын жаңыртуу жана жаңы курулган тармакка туташтырууга байланыштуу.
Ысык суу жана жылуулук төмөнкү үйлөрдө өчүрүлөт: Чыгыш-5 кичи району 6, 7, 10, 11, 12, 18, 19-кичи райондордо, Чүй проспектиси боюнча №30, 32, 34 үйлөр, ошондой эле Р. Санатбаев атындагы Олимпиадалык резерв мектебинде (Чыгыш-5, 20/3) жана №59 бала бакчасында (Чыгыш-5, 18/1).
Белгилей кетсек, оңдоо иштери кыш мезгилинде да токтобойт, иштер планга ылайык жүргүзүлүүдө.
"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы убактылуу келтирилген ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт жана туура тушүнгөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирет.