"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы резервдик жабдуулардагы бузулууларды оперативдүү түрдө оңдоп, электр жабдууларын сыноодон өткөрүп, №7 насос станциясында сальниктери алмаштырылгандан кийин, шаардын түштүк бөлүгүндөгү (№5, 6, 7, 11, 12 жана Асанбай микрорайондору) жылуулук берүү толугу менен кадимки режимге келтирилгенин маалымдайт.

Белгилей кетсек,бул райондорго ысык суу берилип жатканын токтотулган эмес, ал эми жылуулуктун температурасы минималдуу деңгээлде төмөндөгөн.