Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы түндүк айланма жолдун боюндагы уруксатсыз орнотулган объекттерди бузуу иштерин улантууда.
Иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жол жээгиндеги тейлөө объектилерин мыйзамсыз жайгаштыруунун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө» 2023-жылдын 14-мартындагы № 56 жарлыгын ишке ашыруунун негизинде түндүк айланма жолду пландаштырылган реконструкциялоонун жана кеңейтүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.
ЖПКБнын адистери 32 метрге реконструкция боло турган аймака чыгып калган 2 этаж дүкөндү демонтаждоодо. Натыйжада, мурда дүкөн болгон 89 чарчы метр муниципалдык жер бошотулат.
Бүгүнкү күндө түндүк айланма жолундагы 119 объект тазаланган.
Бул объектилер тиешелүү уруксат кагаздары жок жайгашып, жерди пайдалануу эрежелерин бузган.