2025-жылдын 15-январында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кеңештин депутаттары жана жарандык активисттер менен жолугушту.
Жолугушууда шаарда баңгизатка каршы коалиция түзүү маселеси каралды.
Мындан тышкары, аталган коалицияга БШК депутаттарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, коомдук ден соолукту жана коопсуздукту коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, ошондой эле жарандык активисттердин катышуу маселеси талкууланды.
Ага ылайык, учурдагы иш-аракеттерди эске алып, балдар менен өспүрүмдөрдү баңгизаттарга тартууга жол бербөө жана шаардагы калк арасында зыяндуу заттардын таралышына каршы күрөштү күчөтүү чечими кабыл алынды.