«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы аскер шаарчасындагы көчө жарыктарын орнотуп бүттү.

Буга чейин жарыктын жоктугу тургундар үчүн көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратып келсе, эми шаарчанын көчөлөрү кечки сейилдөөгө, ошондой эле күнүмдүк турмуш үчүн коопсуз жана ыңгайлуу болуп калды.

Долбоордун алкагында чоң жарык  берүүчү 21 лампа жана ошончо сандагы металл түтүгү орнотулду. Жарык берүү системасынын жакшы иштөөсүн камсыз кылуу үчүн, адистер өзүн-өзү кармап турган 500 метрлик изоляцияланган зым (СИП) тартты, бул узак мөөнөткө иштөөсүн жана техникалык бузулууларды азайтууга кепилденген.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы боюнча «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы жума сайын жок дегенде 1 көчөнүн жарыктандыруусун ишке ашырууну пландаштырган.