Ленин районунун жалпы билим берүү уюмдарында РИИБнин кызматкерлери жана мектеп администрациясы  тарабынан укук бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулукту азайтуу максатында профилактикалык иш-чаралар улантылууда.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жана Ленин райондук прокуратурасынын өкүлдөрү, ошондой эле №40 орто мектептин администрациясы тарабынан 9, 10, 11-класстын окуучуларына профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Лекция «Мектеп рэкетчилиги» деген темада  өткөрүлдү. Окуучулар рэкетчиликтин курмандыгы же күбөлөрү болсо, дароо мектеп администрациясына же жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлоруна кайрылуу керектиги эскертилди.

Маалымдама: Коркутуп-үркүтүү– адамга карата психологиялык же физикалык зомбулук. Бул түшүнүк адамга карата атайын түзүлгөн коркунучтарды жана терс мамилелерди сүрөттөйт. Коркунучтун түрлөрүнө ат коюу, коркутуу, шылдыңдоо, ушак айтуу, мүлккө зыян келтирүү, уурулук, мушташуу жана уруп согуу кирет.