Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушун улантууда.

Жер тилкесинин жалпы аянты 1,08 га. Мектепте 20 класс каралган, анын ичинде 6-башталгыч класстар 14-жогорку класстар. Ар бир класс 26-30 окуучуга ылайыкталган.

Окуу класстарынан тышкары, спорт зал, ашкана, тамактануучу жай, тиш дарылоочу бөлмө, балдар үчүн устакана, жыйындар залы каралган.

Имарат көмүр-газ менен жылытылат.

Учурда кирпич дубалдарын тургузуу жана чатырын жабуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле электр чубалгыларын монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Курулуш иштерин “Эталон Вин Спец Строй” ЖЧКсы подряддык уюму жүргүзүүдө.