Бишкек шаарынын мэриясы 2025-жылдын 30-январына чейин Башкыпланды иштеп чыгууга болгон сунуштарды жана болжолдуу иштердин суммасын көрсөтүү менен genplan@meria.kg төмөнкү дарекке жөнөтүүнү суранат.  

Бишкек шаарынын жана аны менен бириккен аймактардын ыңгайлуу жана пландуу өнүгүшүн камсыздоо максатында, мэрия 2050-жылга чейин шаардын курулушунун өнүгүшү боюнча концептуалдык идеяларын жана сунуштарын архитектура, шаар куруу, шаардык дизайн же ландшафттык архитектура чөйрөсүндө 15 жылдан ашык иштеген жеке же юридикалык жактардан, чыгармачыл устаканалардын сунуштарын кабыл алууга даяр.

Шаардын курулуш жаатында өнүгүшүнүн концепциялары маданий жана тарыхый мурас, салттуу үрп-адаттар, коомдун менталитетин эске алуу менен, рыноктук мамилелерге өтүү шартында советтик шаар куруу моделинен азыркы методдор жана методологияларды камтыш керек.

Концепция Бишкек шаарынын Башкы планын иштеп чыгуу үчүн негиз болот.

Кошумча суроолор боюнча байланыш номерлер: 0312 97 99 42; 0 (505) 55 - 13 - 85 - Жакыпов Каныбек Манасович (Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти).