«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкек шаарынын көчөлөрүн кардан тазалап, тузду себүү иштерин жүргүзүүдө.

Нөөмөттө атайын 90 бирдик техника жана 700дөн ашуун ишкананын кызматкерлери иштеп жатат.

Ошентип, Бишкек шаарынын көчөлөрүн кардан тазалоого 43 МАЗ базасындагы  кар тазалоочу машина, 10 Шахман КЖМ (комбинацияланган жол техникасы ), 2 фронталдык жүктөгүч, 24 шыпыргы  жана күрөктөрү  менен «Беларус» тракторлору , 4 "УКМ-2500" универсалдуу коммуналдык машинасы жана 4 шыпыргысы бар «Бопкат», ошондой эле 3 бирдик жалпак жүктөгүчтөр катышууда.

Азыркы учурда 275 тонна техникалык туз сарпталганын белгилей кетүү керек.