Бишкектеги аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасы борбордук көчөлөрдү кардан тазалоо жана туз себүү иштерин улантууда.
23-январга карата саат 19:00гө чейин 20 бирдик атайын техника иштөөдө жана 22-январдан бери 982 тонна техникалык туз сарпталган.
Ошондой эле, жаңы алынган техника жана ишкананын кызматкерлери борбордук көчөлөрдөн тышкары, шаардын четиндеги конуштардагы жана административдик аймактык реформанын алкагында борбор шаарыбызга кирген аймактарды да кардан тазалашууда.
Белгилей кетсек, "Тазалык" МИ жаңы техникалар менен толукталып, кошумча аймактарга дагы тазалоо жана туз себүү иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Алсак, Алтын-Ордо, Дордой, Кара-Жыгач, Арча-Бешик, Орок, Селекция, Пригородное, Ак-Босого, Көлмө, Келечек, Төкөлдөш, Рухий-Мурас, Бакай-Ата, Эне-Сай, Келечек, Ак-Өргө, Ынтымак, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо, Көк-Жар, Үмүт, Чон-Арык сыяктуу 25 конуш тазаланып, туз себилди.
Ошентип, мындай кырдаалда "Тазалык" МИ бардык резервдерин иштетет. Линияга 94 бирдик атайын техника жана 700дөн ашуун кызматкер чыгат.