Борбордогу №70 мектепте райондук Билим берүү башкармалыктардын тарбия иштери боюнча адистеринин, тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарларынын жана социалдык педагогдордун арасында балдардын коопсуздугун жана өмүрүн коргоону камсыздоо, жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу, балдардын катышуусунда жол кырсыктарынын алдын алуу жана баңгизаттарды колдонуунун алдын алуу боюнча кеңешме өткөрүлдү.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан өткөрүлдү.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү, РИИБдин ИИИнин башчысы, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча Патрулдук милиция башкармалыгынын, КР ИИМдин ЖККББнын алдын алуу жана коомчулук менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышышты.

Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар бардык мектептерде бекитилген графикке ылайык окуучулар жана ата-энелер коомчулугу менен өтүүдө.