Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы туура эмес токтотулган авто унааларды текшерүү боюнча дагы бир рейд жүргүздү. Алар машиналарын жашыл аймактарда калтырган автосүйүүчүлөрдү аныктады.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексине ылайык 5 авто унаанын ээсине чаралар колдонулду. Жашыл аймакта токтогондугу үчүн 179-берененин 2-бөлүгү боюнча 27 500 сомго протоколдор түзүлгөн.
Белгилей кетсек, айдоочулардын кош көңүлдүгүнөн улам борбор калаанын жашыл аймактары жараксыз абалга келип, борбор калаанын көрүнүшү бузулуп, шаардык жашылдандыруу кызматтарынын аракеттери текке кетүүдө.
Урматтуу автосүйүүчүлөр! Жашыл аймактарда уруксатсыз унаа токтотулгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексине ылайык 5 500 дөн 17 000 сомго чейинки өлчөмдө айып пул каралган.