Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын “2024-жылга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2025-жылга милдеттери жөнүндө” коллегиясынын жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.

Бишкек шаарынын 2024-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков билдирди.

Ошентип, 2024-жылы экономикалык өсүш экономиканын дээрлик бардык тармактары тарабынан камсыз кылынат. 2024-жылдын январь-декабрь айларында Бишкек шаарынын ишканалары тарабынан 88,8 миллиард сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн, бул 2023-жылга салыштырмалуу 20,6 миллиард сомго көп. 2024-жылы республиканын өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүндө Бишкек шаарынын үлүшү 1,1%га өсүп, 15,2%ды түзгөн (2023-жылдын ушул  мезгилинде – 14,1%).

2024-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасында өнөр жай ишканаларын ачуу боюнча иштер жүргүзүлдү. “100 өнөр жай ишканасы-2024” долбоорун ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарында 12 ишкана модернизацияланып, ишке киргизилди.


Борбор калаада эки ири өнөр жай ишканасы ачылды: Евразия экономикалык биримдигинин жана Дүйнөлүк соода уюмунун бардык эл аралык талаптарына жооп берген SHACMAN сериясындагы оор жүк ташуучу жана атайын багыттагы унааларды жыйноо боюнча эң ири «ТНК Шумкар» ААКсы жана «Снэк Фудс» ЖЧКсы - Борбордук Азиядагы тез даярдалуучу  азыктарын өндүрүү боюнча ири ишканалардын бири.