Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын “2024-жылга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2025-жылга милдеттери жөнүндө” коллегиясынын жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.
Шаар мэри Айбек Джунушалиев жол-транспорт инфраструктурасы жаатындагы пландарга токтолду.
Негизги жол инфраструктуралык долбоорлор 2025-жылы башталат:
- үч жаңы көпүрөнүн курулушу (Шүкүров, Ауэзов, Жибек Жолу көчөлөрүндө);
- 3 эстакадалык транспорт түйүнүн куруу;
- шаардын 8 борбордук көчөсүн реконструкциялоо;
- 4 жаңы жолдун курулушу.
Коомдук транспорттун санын көбөйтүү боюнча иштер улантылат. 2025-жылы шаарга 95 даана 12 метрлик газ автобустары жана 120 даана электроавтобустар келет.
Белгилей кетсек, коомдук транспорттун инфраструктурасы 30 жылдан ашык убакыттан бери жаңылана элек. Быйыл муниципалитет Кустанай көчөсүндөгү №1 автобазаны реконструкциялайт, ошондой эле №1 автобазага электр кубаттоочу станция орнотулат.
Мындан тышкары, Манас проспектисин бойлой Жибек Жолу проспектисинен Түштүк магистралына чейин узундугу 6 км, суткасына 50 миңден 100 миң адамды өткөрө турган асма жолдун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемеси бүткөрүлдү.
Бул долбоорду ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул туристтер үчүн жагымдуу болот жана шаардын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот.