Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын “2024-жылга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2025-жылга милдеттери жөнүндө” коллегиясынын жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.
Шаар мэри Айбек Джунушалиев курулуш тармагындагы пландарга токтолду.
5 мектепке чейинки билим берүү мекемесин куруу жана реконструкциялоо пландаштырылууда.
Республикалык бюджеттен каржыланган «Ак-Бата» турак-жай комплексинде 660 орундуу жалпы билим берүүчү мектептин курулушу бүткөрүлөт.
«Көк-Жар» турак жай комплексиндеги №88 орто мектепке кошумча имараттын курулушу башталат. Ошондой эле 55 билим берүү мекемесинин имараты оңдолот.
Мындан тышкары, бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен (Сауд Арабия өнүктүрүү фонду) 5 мектеп жана 7 имарат куруу пландалууда. Тиешелүү келишимдерге кол коюлду.
Ири долбоорлордун алкагында көп функционалдуу «Алга» стадионунун курулушу толугу менен бүткөрүлөт. Бул стадион ФИФАнын талаптарына ылайык курулуп жатат. Белгилей кетсек, спорттук эс алуу жайынын курулушуна байланыштуу курулуштун мөөнөтү создуктурулган.
Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун 5 миң орундуу кичи аренасын куруу иштери аяктайт.
«Ак-Кула» ипподромунун ордунда март айына заманбап турак-жай жана бизнес комплексин куруу пландалууда. Мындан тышкары 3 мектеп, 3 бала бакча жана ички жол инфраструктурасы курулуп, муниципалитеттин карамагына өткөрүлөт.