Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын “2024-жылга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2025-жылга милдеттери жөнүндө” коллегиясынын жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.

Шаардын аймагынын кеңейишине байланыштуу райондук мамлекеттик администрация башчыларынын ыйгарым укуктары күчөтүлөт.

Коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында мэрия системасындагы муниципалдык кызматкерлерди ротациялоо планы бекитилди.

Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында бир нече кызматкер ээлеген кызматынан бошотулду. Учурда муниципалдык менчикти санариптештирүү жана инвентаризациялоо боюнча бир топ иштер аткарылып, ижарачылардын автоматташтырылган маалымат базасын түзүү жана мүлктү эсепке алуу иштери аяктады.

2024-жылы ички аудитор тарабынан 24 объектте аудит жүргүзүлгөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 12 материал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Коррупцияга каршы иш-чаралар бир катар кызматкерлерди, анын ичинде жогорку жетекчиликти иштен бошотууга алып келди. Бул багыттагы иштер улантылууда.