Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын “2024-жылга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2025-жылга милдеттери жөнүндө” коллегиясынын жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.

Шаар мэри Айбек Жунушалиев турак жай-коммуналдык чарба тармагындагы шарттарды жакшыртуу пландарына токтолду.

Бишкек шаарында саркынды сууларды тазалоодо көйгөйлөр жаралууда. Шаардын саркынды сууларын тазалоочу жайлары 50 жылдан ашык убакыттан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Бул курулуштар аркылуу күн сайын 230 миң куб саркынды суу өтүп, алар Чу дарыясына куюлат.

2024-жылдын декабрь айында инвестор менен келишимге кол коюлган жана 2025-жылдын биринчи кварталында тазалоочу курулмаларды модернизациялоо иштери башталат.

Жаңы скважиналарды бургулоо, «Зонный» жана «ХБО» суу алгычтарды реконструкциялоо улантылат. Бул шаардын 40%ын суу менен камсыз кылган Орто-Алыш суу алгычынын жүгүн азайтып, 2023-жылы байкалган суунун тартыштыгынын кайталанышына жол бербейт.

Мындан тышкары, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан жаңы суу менен камсыздоо объектисин өнүктүрүү маселеси каралууда.

Сууну сарамжалдуу пайдалануу үчүн ар бир конушка “акылдуу эсептегичтер” орнотулат, алар ашар ыкмасы менен ишке ашырылат.

Бишкек шаарынын санитардык полигонунун аймагында катуу муниципалдык таштандыларды кайра иштетүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү боюнча экотехнологиялык заводдун курулушун аяктоо. 2024-жылдын март айында инвестициялык келишимге кол коюлуп, эки айдан кийин активдүү курулуш фазасы башталган. Учурда пайдубалы куюлуп, комплекстин бир блогунун төрт кабаты курулуп бүттү. Курулуш 2025-жылдын аягында бүтүшү пландалууда.

Ошону менен бирге таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу пландалууда. Таштандылар алдын ала сорттолуп, керектүү тетиктер кайра иштетилип, шаардык ишканалардын керектөөлөрү үчүн орундуктар, урналар, канализация капкактары, брусчатка ж.б.у.с товарлар чыгарылат.