2024-жылы Бишкек шаарынын экономикалык өсүшү негизги үч сектор менен камсыз кылынган: кызмат көрсөтүү тармагы, курулуш жана өнөр жай.
Рыноктук кызматтардын көлөмү өсүү темпи 113,1% менен 1 313 856,5 млн сомду түздү. Жалпы курулуш продукциясынын көлөмү 91 213,5 млн сомду түзүп, 2023-жылдын ошондогу мезгилине салыштырганда 28,6%га өстү (шаардын курулуш продукциясынын республикалык жалпы көлөмүндөгү үлүшү 31,9%ды түздү). Бишкек шаарынын ишканалары тарабынан 88 848,4 млн сомдук өнөр жай продукциясы чыгарылды жана 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырганда көрсөткүч 26,1%га өстү (шаардын республикалык өнөр жай продукциясын чыгаруу көлөмүндөгү үлүшү 15,2%ды түздү).
2024-жылдын январь-декабрь айларында инфляциянын деңгээлин мүнөздөгөн керектөө бааларынын индекси 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 104,9% түздү.
2024-жылдын январь-ноябрь айларында тышкы соода жүгүртүү 9 млрд 187 млн 800 миң АКШ долларын түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 30,3%га же 2 млрд 133 млн 700 миң АКШ долларына өстү. Экспорт 2024-жылдын январь-ноябрь айларында 17,8% га көбөйүп, 1 млрд 860 млн 800 миң АКШ долларын түздү. Экспорттун негизги көлөмү алыскы чет өлкөлөргө тийиштүү, экспорттун жалпы көлөмүнүн 75,6% түзөт. Импорт 33,8%га жогорулап, 7 млрд 327 млн АКШ долларын түздү. Импорттун 64,2%ы алыскы чет өлкөлөргө, 35,8%ы КМШ өлкөлөрүнө тийиштүү.
2024-жылдын январь-сентябрь айларында чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмү 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 2,4% көбөйдү жана 333,3 млн АКШ долларын түздү, мында сальдо (агымы минус чыгымы) оң болуп, 257,5 млн АКШ долларын түздү.
2024-жылдын январь-декабрь айларында Бишкек шаарында негизги капиталга 72,3 млрд сом инвестиция өздөштүрүлүп, 2023-жылга салыштырганда 129,7%-га өскөн. Бишкек шаары боюнча өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын жалпы республика боюнча капиталдык салымдардын ичинен үлүшү 28,8%-ды түзгөн.
2024-жылдын январь-декабрь айларында ишке киргизилген турак жайдын аянты 303,6 миң чарчы метрди түзгөн.
2024-жылдын январь-ноябрь айларында Бишкек шаары боюнча номиналдык орточо айлык акы 44 миң 023 сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 15,5%-га өскөн.
2024-жылдын IV кварталында Бишкек шаарында орточо жашоо минимуму киши башына 8 миң 273 сомду түздү жана 2023-жылга салыштырмалуу 3,4%-га өстү.
Бишкек шаарында расмий жумушсуздук деңгээли 0,7%-ды, жалпы жумушсуздук деңгээли 3,5%-ды түздү.
2024-жылдын январынан сентябрь айына чейинки аралыкта Бишкек шаарында 53 865 жумуш орду түзүлүп, 2023-жылга салыштырганда 200,4%-га өскөн.
2024-жылдын январь-декабрь айларына Бишкек шаары боюнча 36,5 млрд сом киреше пландалган, түшкөн кирешелер (расмий трансферттерди эске алуу менен) 36,8 млрд сомду түздү, план 101,0% аткарылды башкача айтканда 365,3 млн сомго көп түштү. Кирешелердин өсүү темпи 168,4% түзүп, 2023-жылга салыштырганда 14,9 млрд сомго көбөйдү.
Жергиликтүү кирешелердин көлөмүндө негизги орунду салыктык кирешелер ээлейт. Отчеттук мезгилде салыктык кирешелер боюнча түшкөн каражат 16,6 млрд сомду түзүп, пландалган 16,3 млрд сомго салыштырганда, 102,3% аткарылып, 370,8 млн сомго көп киреше түшкөн. 2023-жылга салыштырганда, салыктык түшүүлөр өсүү темпи 127,5% менен 3,5 млрд сомго көбөйгөн.
Салыктык эмес кирешелер 8 млрд 226 млн сомду түздү. Ыкчам маалыматтарды өз убагында жана ыкчам берүү ишкерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында, 2023-жылдын декабрынан Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан соода базар комплекстеринин администрацияларында жана милициянын участоктук пункттарында иш бөлмөлөр бөлүнүп, «бирдиктүү терезелер» уюштурулду.
2024-жылдын 12 айында чыгымдар 33,7 млрд сомду түзүп, бул такталган планга карата 90,9% түзгөн. Бардык чыгымдар бюджеттик мекемелердин суроо-талаптарына, табыштамаларына жана каралган каражаттарга ылайык ишке ашырылган.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, 2025-жылга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жана 2026-2027-жылдарга болжолу иштелип чыкты жана Бишкек шаардык кеңешине бекитүүгө киргизилди.
2024-жылы Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын урматына Кыргыз Республикасында өнөр жай ишканаларын ачуу боюнча иштер жүргүзүлдү. «100 өнөр жай ишканасы-2024» долбоорунун алкагында Бишкек шаарында 12 ишкана модернизацияланып, ишке киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгынын негизинде 2024-жылы Бишкек шаарына 8 айыл аймагы, 2 айыл, 5 конуш жана 4 контур участогу кошулду.
2024-жылдын соңуна чейин «Ала-Тоо» борбордук аянты реконструкцияланды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун флагштогу жаңыртылды, «Ала-Тоо» аянтында бий жана от жанган жаңы фонтан ишке киргизилди. «Элдердин достугу» монументин капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. «Алга» спорт комплексин (мурдагы «Эмгек резерви» спорткомплекси) капиталдык оңдоо жумуштарынын 1-этабы аяктады. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи аренасын реконструкциялоо жана куруу алкагында колонналардын металл конструкцияларын орнотуу жумуштары аяктады.
«Чыгыш-5» кичи районунда жайгашкан 420 орундуу «Баластан» бала бакчаны капиталдык оңдоо жумуштары аяктады.
Мындан тышкары, «Ак-Босого», «Калыс-Ордо», Келечек», «Ак-Ордо», «Дордой», «Арча-Бешик», «Көк-Жар» конуштарында мектепке чейинки билим берүү мекемелери жана № 8 бала бакчанын кошумча корпусунун курулмасы, № 40 бала бакчаны капиталдык оңдоо жумуштары аяктады жана эксплуатацияга тапшырылды.
Ошондой эле төмөнкү объекттердин курулушу аяктады:
№ 68 мектеп-гимназиясынын аймагында залы бар спорт корпусу,
№ 9 балдар искусство мектеби,
Фучик көчөсүндөгү Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси,
Кызыл-Аскер конушунда жайгашкан № 1 үй-бүлөлүк медицина борбору,
Ак-Босого жана Ак-Өргөө кошунтарында 2 гүл бакча.
2024-жылы муниципалдык менчикке аянты 14,7 га, наркы 775,5 млн сомду түзгөн 12 жер тилкеси жана аянты 3 764 чарчы метр, наркы 364,2 млн сомду түзгөн 6 турак эмес жай муниципалдык менчикке кайтарылып берилди, жалпы аянты 28,95 га түзгөн 3 жер тилкесинин муниципалдык менчикке кайтарылышы боюнча соттун чечими чыгарылды.
2024-жылы жүргүзүлгөн жер мунапсынын алкагында 2 605 жарандан арыз түшүп, анын ичинен 2 205 материал “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесине шаар куруу корутундуларын даярдоо үчүн жөнөтүлгөн.
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы тарабынан 51 185 чарба жүргүзүүчү субъекттерге, ишканаларга, уюмдарга жана жеке турак жайларга текшерүү жүргүзүлүп, жалпы 105,5 млн сом суммасына айып пул салуу жөнүндө 9 242 протокол түзүлгөн. 2023-жылга салыштырмалуу 23,0 млн сом айып пул салынып, суммасы 4,5 эсеге көбөйдү.
2024-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын автобус паркы кыйла чоңойтулган, шаарга газ менен иштеген «Golden Dragon» маркасындагы 124 автобус, Германия өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча түрк өндүрүшүндөгү 12 метрлик автобустан – 17 даана, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен сатып алынган 500 жаңы жүргүнчү ташуучу автобус келип түшкөн.
2024-жылы Бишкек шаарынын 6 негизги көчөсүндө жалпы узундугу 21,7 км болгон оңдоо иштери жүргүзүлүп, 6 көчөнүн кесилишинде пилоттук режимде «вафли» белгилери түшүрүлгөн, 2 көчөнүн кесилишинде пилоттук режимде диагоналдык жол белгилери орнотулган.
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан 2024-жылы узундугу 52 км болгон 25 жолду жана узундугу 20,6 км болгон 23м тротуарды капиталдык оңдоо иштери аяктады. Мындан тышкары Бишкек шаарынын ЖЭБинин аймагында жаңы «SANY» асфальт-бетон заводу орнотулуп, ишке киргизилди жана 161,5 млн сомго 27,3 миң тонна асфальт-бетон аралашмасы чыгарылды.
2024-жылдын 12 айында 58 805 адамга 174,4 млн сом суммасында даректүү социалдык жардам көрсөтүлгөн. Турмуштук оор кырдаалда турган балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында 3 041 үй-бүлө текшерилип, 1 294 бала аныкталган, анын ичинде мигранттардын үй-бүлөлөрүнөн 776 бала, 160 бала камкордукка жана көзөмөлдүккө алынган, 292 бала реабилитациялык борборлордо аныкталган.
«Акниет» жана «Айданек» борборлору турмуштук оор кырдаалда турган 366 балага, ал эми «Коломто» муниципалдык мекемесинде 2442 адамга кызмат көрсөтүлгөн.
2024-жылы "Мектепке чейинки билим берүү уюмун трансформациялоо: Кыргыз Республикасындагы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылууну көбөйтүү боюнча чаралар" долбоорунун алкагында, Бишкек шаарындагы 10 бала бакчанын долбоордук кубаттуулугу жылдырма керебеттер менен жабдуунун эсебинен эки эсе кеңейди, ал эми балдардын саны 1 576 балага көбөйдү. Ошондой эле 10 жаңы бала бакча ачылып, алардын ичинен бир бала бакчага имарат кошумчаланып, ишке киргизилди, 2 бала бакчада капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.
2024-жылы Санариптик технологияларды билим берүү процессинде колдонуунун алкагында, Бишкек шаарындагы 15 мектеп интерактивдүү панелдер менен жабдылган, ал эми методикалык колдоо көрсөтүү максатында көп тилдүү билим берүү программасынын алкагында иштеген 4 бала бакча жана 4 мектеп жалпы суммасы 4,5 миллион сомго интерактивдүү панелдер, компьютерлер жана принтерлер менен жабдылган.
2024-жылы «Жаш мугалимдин депозити» программасынын 59 катышуучусуна 7,7 млн сом төлөнгөн.
Бишкек шаарынын балдар искусство мектептеринин арасында жалпы 820 411 адамды камтуу менен 5 124 иш-чара өтүлдү, анын ичинде: 12 шаардык ири иш-чара, республикалык жана эл аралык маанидеги («Наристе» эл аралык балдар фольклордук фестивалы, КМШ мамлекеттеринин катышуусу менен балдар Дельфи оюндарынын ачылышы, ДСМЧА арасындагы көркөм чыгармачылык жана кол өнөрчүлүк искусствосунун XXIV фестиваль-конкурсу ж. б.) сынактар өткөрүлдү.
2024-жылдын 12 айында 395 спорттук иш-чара уюштурулган, алардын ичинен спорттун ар кандай түрлөрү боюнча 107 шаардык чемпионат, биринчиликтер жана эл аралык турнирлер өткөрүлгөн, аларда спорттук мектептердин тарбиялануучулары 1927 медаль алышкан, алардын 593ү алтын, 584ү күмүш жана 750сү коло. Спорттун ар кандай түрлөрү боюнча 445 "Спорт чеберине талапкер" даярдалды.
Бир жыл ичинде ири масштабдуу спорттук иш-чаралар өткөрүлдү: реабилитациялык борборлордун, мектеп-интернаттардын балдарынын, калктын социалдык жактан аялуу катмарынын балдарынын катышуусу менен «Бардыгы лыжага – 2024» кышкы майрамы, «Велосезон – 2024» ачылышы, Бишкек шаарынын «Мектеп лигасынын» долбоору, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган «Жеткинчек» жалпы шаардык спорт фестивалы.
Ошондой эле, жаштар үчүн сергек жашоо образын жайылтуу жана алдын алуу максатында II «Экобатл» экологиялык кубогу, спортчулардын, студенттердин жана мектеп окуучуларынын катышуусу менен «Дени сак болуу – мода», «Баңгизатка каршы» акциясы, «Жаштар сергек жашоо образы үчүн» мини-футбол боюнча турнири, «Хакатон» маалыматтык жана изилдөө долбоорлорунун сынагы жана «Келечек оюндары» мультиспорт турнири төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлгөн.