Ленин районунда мончо жана сауна тарабынан тыюу салынган буюмдарды өрттөө учурларын аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү.
Иш-чарага Ленин райондук муниципалдык администрациясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча экологиялык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери катышты.
Биз 10дон ашык иштеп жаткан мончо жана сауналарды кыдырдык. Таштандыларды жана башка калдыктарды өрттөгөн фактылар жок. Бул багыттагы иштер күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.
2024-жылы эле Ленин районунун муниципалдык инспекциясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жалпы суммасы 795 миң 500 сомду түзгөн 73 экологиялык мыйзам бузуу фактылары аныкталган.
Урматтуу шаардыктар! Турмуш-тиричилик калдыктарын, өнөр жай же тыюу салынган буюмдардын башка түрлөрүн жагып, жылытуу үчүн колдонбоону суранабыз.