«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасында мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгы астында жыйын өтүп, ишкананын өнүгүүсүнүн негизги багыттары каралды.

Жыйындын жүрүшүндө лифт чарбасын модернизациялоо, авариялык жана диспетчердик кызматтардын ишин жакшыртуу, ошондой эле кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Негизги маселелердин бири авариялык жана диспетчердик кызматтардын ишин оптималдаштыруу болду. Шаардыктардын чакырууларына ыкчам жооп кайтаруу максатында диспетчердик кызматты техникалык жактан өркүндөтүү жана заманбап жабдуулар менен жабдуу чечими кабыл алынды. Мындан тышкары, авариялык кызмат үчүн бир нече атайын автоунаа алынат, бул чакыруу болгон жерге өз убагында тез жетип, бузулууларды жоюуга шарт түзөт.

Ошондой эле жыйында кызматкерлерди керектүү шаймандар жана униформа менен камсыздоо маселеси талкууланды. Лифтерлерди жана техникалык адистерди ыңгайлуу атайын кийимдер жана ар кандай шартта оңдоо жана профилактикалык иштерди аткарууга мүмкүнчүлүк берген шаймандардын топтому менен камсыздоо пландалууда.

Мэрдин орун басары кадр маселесинин маанилүүлүгүн да белгиледи. Монтажчылар менен лифтерлердин жетишсиздигине байланыштуу жаш адистерди тартуу жана алар үчүн жагымдуу иш шарттарын түзүү чечими кабыл алынды.

Талкуунун жүрүшүндө лифт чарбасын модернизациялоо программасы да көтөрүлдү. Ишкананын кызматкерлерине 2025-жылдын ичинде олуттуу жумуштарды бүтүрүү жана лифттердин коопсуздугун жогорулатуу тапшырмасы берилди.

«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасы шаар тургундары үчүн заманбап стандарттарга жана борбордун муктаждыктарына ылайык инфраструктураны жаңыртуу, кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу боюнча активдүү ишин улантууда.