Бишкек шаарынын мэриясы борбордогу автовокзалдарда билеттерди алдын ала брондоо жана сатып алуу системасын ишке киргизди.

Бул система эл аралык жана шаарлар аралык каттамдар үчүн билеттерди расмий сайттан  https://tezket.kg/  10 күн мурун брондоого мүмкүнчүлүк берет.

Сайт аркылуу маршрутту, кетүү күнүн жана жүргүнчүлөрдүн санын көрүүгө болот. Маршрут тандалгандан кийин анкета толтурулуп, билет үчүн төлөм жүргүзүлөт.

Учурда кадимки тартипте “Бишкек автовокзалы” (Алма-Ата көчөсү, 1/1) жана убактылуу иштеп жаткан батыш автовокзалы (“Ак-Кула” ат майданынын жанында) иш алып барууда.

“Бишкек автовокзалына” төмөнкү муниципалдык транспорт каттамдары жүрөт:
• Автобустар: №13, №34 жана №8(Т)
• Микроавтобустар: №123 жана №128

“Ак-Кула” ат майданына төмөнкү автобустар каттайт:
• №13, №40 жана №32

Эскертүү: убактылуу иштеп жаткан батыш автовокзалында (ипподром “Ак-Кула”) билеттерди алдын ала брондоо жана сатуу системасы техникалык маселелер чечилгенден кийин жакынкы аралыкта ишке киргизилет.