Бишкектин райондорунда тамеки чегүү боюнча рейддик иш-чаралар өтүүдө.

Акимиаттардын кызматкерлери, укук коргоо органдарынын, ошондой эле мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрү катышууда.

Рейддин жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу фактылары аныкталган оюн-зоок мекемелеринде администрация жана келгендер тарабынан бузуулар катталды.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 83 жана 84-беренелерине ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жеке адамдын жоопкерчилигин эскертет башкача айтканда тамеки чеккен жаранга айып салынат.