Кыргыз Республикасынын бокс боюнча улуттук курамасы Испаниянын Ла-Нусия шаарында өткөн «Boxam» эл аралык турнирине катышышты.
Мелдештин жыйынтыгында спортчулар 4 медалга ээ болушту: 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло.
Жекеме-жеке таймаш спорту боюнча ӨРАБӨМдүн тарбиялануучулары Ихтияр Нишанов 67 кг салмак категориясында чемпион болуп, алтын медалга ээ болду, ал эми Санжай Сейдакматов (54 кг) үчүнчү орунду ээлеп, коло медалдын ээси болду.
Бул жетишкендик кыргыз спортчулары үчүн маанилүү ийгилик болуп саналат жана жекеме-жеке таймаш спорту боюнча ӨРАБӨМдүн боксчуларынын жогорку деңгээлдеги даярдыгынын көрсөткүчү.