IX Кышкы Азия оюндарында Кыргызстандын улуттук хоккей курама командасы маанилүү жеңишке жетишип, Гонконг командасын 6:5 эсебинде утуп алды.
Белгилей кетсек, курамдын катарында Бишкек шаарынын Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин (ӨРАБӨМ «Си») окуучулары жана машыктыруучулары бар. Алар Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу таанытып жатышат:
* Тыналиев Саламат – машыктыруучу;
* Качкынбеков Адис – коргоочу;
* Нуралиев Адилет – коргоочу;
* Бекмуратов Адил – чабуулчу;
* Сейфулов Мамед – чабуулчу, ошондой эле Кыргызстандын курама командасынын туусун көтөрүп чыккан спортчу.
Курама команданын турнирдеги жолу:
1-тур: Кыргызстан – Кувейт (8:9)
2-тур: Кыргызстан – Бахрейн (29:0)
3-тур: Кыргызстан – Сингапур (11:2)
4-тур: Кыргызстан – Гонконг (6:5)
Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин окуучулары жана машыктыруучулары жогорку «Си» деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, эл аралык мелдештерде өздөрүнүн мыктылыгын дагы бир жолу тастыкташты.