Бишкек шаарындагы Свердлов районуна административдик-аймактык реформанын алкагында  кошулган Аламедин муниципалдык башкаруу аймагында, балдар чыгармачылыгы борбору ачылды.

Борбордо төмөнкү багыттар боюнча 12 ийрим ачылды: заманбап жана элдик бийлер, комуз, баштапкы техникалык моделдөө, компьютер дүйнөсү, скульптура, көркөм өнөр, чий чырмакчылык, оймо, оригами, эрте өнүктүрүү ийрими, англис тили жана шахмат.

Ийримге Алма-Ата көч., 424 дареги боюнча катталсаңыз болот. Белгилей кетсек, бардык сабактар акысыз өткөрүлөт.