12-16-февраль күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында джиу-джитсу боюнча Азия чемпионаты өтүп, ага 25 өлкөдөн 500дөн ашуун спортчу катышты.
Спорттук күрөш боюнча ӨРАБӨМдүн тарбиялануучулары жогорку чеберчиликтерин көрсөтүп, бир алтын жана эки күмүш медалга ээ болушту.
Азия чемпиону наамын Тянгубер Рамазан жеңип алып, үч татаал беттештен соң алтын медалга ээ болду. Ошондой эле, Розобаев Абдусалим жана Сарыбаев Янар ар бири үчтөн күчтүү атаандашы менен беттешип, мыкты оюн көрсөтүп, күмүш медаль тагынышты.
Бул ийгилик өлкөбүздө спорттун өнүгүп жатканын дагы бир ирет далилдеп, жаш спортчуларды эл аралык ареналарда жаңы жеңиштерге жетүүгө шыктандырат.