2025-жылдын 14-16-февраль күндөрү  «Газпром балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде жыл сайын өткөрүлүүчү «Достук» кубогуна футзал боюнча турнир өттү.

Мелдешке дене тарбия жана спорт тармагында эмгектенген кызматкерлер катышты. Жалпысынан 7 облустун командалары жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин командасы мелдешишти.  Турнирге жалпысынан 100гө жакын адам катышты.

Бул турнир Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024–2034-жылдарга карата «Кыргыз Республикасында футболду мындан ары өнүктүрүү чаралары жөнүндө» Жарлыгынын алкагында уюштурулду. Башкы максат – өлкөдө футболду өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу жана аймактар ортосундагы байланышты чыңдоо.

Турнирдин жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун – Чүй облусунун командасы;
2-орун – Ысык-Көл облусунун командасы;
3-орун – Нарын облусунун командасы.

Мындан тышкары, мелдеште мыкты оюнчулар ар кандай номинациялар боюнча жеке сыйлыктар менен сыйланышты.

Турнирди Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурду.

Оюндар жогорку деңгээлде өтүп, катышуучуларга жана күйөрмандарга унутулгус эмоцияларды тартуулады. Бул мелдеш Кыргызстанда футболду өнүктүрүүгө жана өлкөнүн аймактарынын ортосундагы достукту чыңдоого дагы бир кадам болду.